• 87
  • 90.41
  • 0.84

Улуттук банк эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын тартып алды

Экономика 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Улуттук банк Бишкекте акча алмаштырган эки жайдын лицензиясын тартып алды.

Ведомстводон билдиргендей, 2022-жылдын 25-майынан тартып КР мыйзамын жана Улуттук банкттын нормативдик-укуктук актыларынын талаптарын аткарбаган төмөнкү акча алмаштыруу жайлардын лицензиясы алынды:

1. 2021-жылдын 6-майында "Паида KG" ЖЧКсына берилген №6121 лицензия, дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150, 6-кабинет;

2. 2021-жылдын 13-январында "Три Севенс Плюс" ЖЧКсына берилген №6051 лицензия, дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси, 172 дарегинде.

Пикир

Оставить комментарий