• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сот Гүлзат Мамытбекке карата өкүм чыгарды

Коом 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Гүлзат Мамытбек (Алымкулова) 3 жылга пробациялык көзөмөлгө алынды. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине Бишкектин Биринчи май сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдамчылык боюнча айыпталган Алымкулова күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, кийинчерээк ал жазасын өтөөдөн бошотулуп, 3 жылга пробациялык көзөмөлгө алынды.

Айыпталуучу сот залынан бошотулду.

Эскерте кетсек, блогер жана ишкер Гүлзат Мамытбек деген ат менен белгилүү болгон Гүлзат Алымкулова алдамчылыкка шектелип кармалган.

Пикир

Оставить комментарий