• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Улуттук банк эки комбанктын кызмат орундарына талапкерлерди жактырды

Экономика 0

Бишкек, 08.08.24. /Кабар/. Улуттук банк эки коммерциялык банктын кызмат орундарына талапкерлерди жактырды.

Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, 2024-жылдын 6-августунда КР Улуттук банкы «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коому тарабынан «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна сунушталган Баландин Олег Александровичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.

Ошондой эле 2024-жылдын 6-августунда КР Улуттук банкы «ФинансКредитБанк» ачык акционердик коому тарабынан «ФинансКредитБанк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү/аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Нурматова Бермет Тажиковнанын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий