• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандан Өзбекстанга картошка экспорттоо боюнча ири келишим түзүлдү

Экономика 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Нарын жана Ысык-Көл облустарынын дыйкандары Ташкентке картошканын чоң партиясын экспорттоп жатышат, деп билдирди Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү.

Бул тууралуу келишимге Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков менен өзбек импортерлорунун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилди. Кол коюлган келишимге ылайык, биринчи жеткирүүнүн жалпы көлөмү 1000 тоннага жакын деп бааланууда. Товардын биринчи партиясы лабораториялык текшерүүдөн кийин жолго чыгат.

"Тараптардын ортосунда макулдашылган өз ара пайдалуу шарттардын аркасында продукциянын жогорку сапатына гана эмес, маанилүү факторго – жагымдуу баага да жетишүүгө мүмкүн болду. Бул иш-чара эки өлкөнүн ийгиликтүү кызматташтыгын гана көрсөтпөстөн, соода-экономика тармагында узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн аянтча түзүүдө. Кыргызстан аймактык байланыштарды чыңдоого кошкон салымы менен сыймыктанат жана эл аралык соода тармагында мындан аркы келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү күтөт", - деп белгилешти Соода өкүлчүлүгүнөн.

Кызматташуу Өзбекстанстандагы Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Соода өкүлчүлүгүнүн активдүү катышуусу менен ишке ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий