• 87
  • 90.41
  • 0.84

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 8 пайызга чейин жогорулатты

Экономика 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 8 пайызга чейин жогорулатты. Чечим 2021-жылдын 30-ноябрынан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалат.

Дүйнө жүзүндө жана КРнын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндө иш жигердүүлүгүнүн өсүшү экономикалык калыбына келүү активдүү жүрүп жаткандыгына жана COVID-19 вирусунун улам жаңы штаммдарына каршы жаңы чектөө чараларын киргизүүгө байланыштуу бир аз басаңдаган. Пандемиянын кесепеттерин төмөндөтүүгө багытталган өбөлгө түзүү чараларынын натыйжалары менен чогуу глобалдуу логистикалык тармактарда сакталган чектөөлөр дүйнөдөгү бардык мамлекеттерде инфляциянын жогору болушун шарттайт.

Кыргызстандын экономикасы кармалып турган өсүш арымды көрсөтүүдө, ошондой эле өлкө экономикасынын пандемияга чейинки калыбына келүү фазасы аягына чыга элек. 2021-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨнүн өсүшү 1,6 пайызды түзгөн. Ошол эле учурда «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда ИДӨнүн өсүш арымы 4,1 пайыз чегинде катталган. Өлкөгө акчалай которуулардын көлөмүнүн өсүшү экономиканын калыбына келүүсү боюнча оң динамиканы бекемдөөдө. 2021-жылдын январь-сентябрь айлары ичинде жеке адамдар которгон акча каражаттарынын таза агымы 19,0 пайызга жогорулап, 1,6 млрд АКШ долларына жакын өлчөмдө түптөлгөн.

Керектөө бааларынын түптөлгөн динамикасына ар кандай монетардык эмес факторлор өз таасирлерин тийгизүүдө. 2021-жылдын ноябрь айында (19уна карата) инфляция жылдык мааниде 12,1 пайызды түзгөн. Жыл башынан тартып баалар 9,5 пайызга өскөн. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын туруктуу өсүшү, тарифтердин жана жөнгө салынуучу баалардын жогорулашы (коомдук транспортторго жана электр энергиясына тарифтердин жогорулашы), ошондой эле энергия ресурстарына баалар жогорулаган дүйнөлүк тенденцияга байланыштуу күйүүчү-майлоочу материалдарынын бааларынын кыйла өсүшү Кыргыз Республикасында керектөө бааларынын өсүшүн түптөгөн негизги факторлордон болуп эсептелет.

Инфляция улам жогорулаган жана инфляциялык күтүүлөр өскөн шартта, Улуттук банк акча-кредит шарттарын күчөтүү чараларын уланткан. Акча рыногунда кыска мөөнөттүү пайыздык чендер негизги чендин артынан жогорулаган жана пайыздык чектин чегинде калыптанган.

Монетардык саясат тармагындагы тактикалык чечимдер банк секторунда үстөк ликвиддүүлүк олуттуу өскөн жана анда «кыска акча» көптүк кылган шартта кабыл алынган. Мындай шарттарда акча рыногунун кыска сегменти катышуучулардын кыйла жогорку активдүүлүгү менен мүнөздөлгөн. Жалпы алганда, Улуттук банк жүргүзүп жаткан акча-кредит саясаты улуттук валютадагы активдердин кирешелүүлүгүн өстүрүүгө жана аларды тартууну арттырууга мүмкүндүк берген.

Пикир

Оставить комментарий