• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Экономика 0


Бишкек, 28.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында Улуттук банк башкармалыгы эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, бул чечим бүгүндөн баштап күчүнө кирет.

“Негизги чен өлчөмүн сактап калуу чечими өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына жооп берет жана экономикадагы тобокелдиктерге карата Улуттук банктын жүргүзүп жаткан саясатын чагылдырат. Өлкөдөгү инфляция салыштырмалуу бир калыпта сакталып турат жана акыркы айлардагы негизги тенденцияларды чагылдырат. Жыл башынан тартып керектөөлөрдүн баалары 2,8 пайызга өсүп, 17-февралга карата инфляция жылдык мааниде 15,9 пайызды түзгөн. Учурдагы инфляция жашылча-жемиштерге баалардын сезон боюнча жогорулашын, ошондой эле ага мурда таасирин тийгизген факторлор кайрадан таасирин берип жатканын көрсөтүп жатат”, - дейт ал.

Карабаева ички дүң өндүрүштүн реалдуу өсүш арымы январь айынын жыйынтыгы боюнча 4,8 пайызды түзгөнүн айтат.

“Өндүрүштүн кыйла өсүшү өнөр-жай, кызмат көрсөтүү жана айыл чарба секторлорунда катталган”, - деди Улуттук банктын расмий өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий