• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улуттук банктын карамагында 46,7 тонна алтын бар — Аида Карабаева

Экономика 0

Бишкек, 28.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2023-жылдын 25-февралына карата Улуттук банктын карамагында 46,7 тонна алтын бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, банкта алтындын эки түрү бар: алтын-валюта резервинде 16 тонна (1-февралга карата 87,3 млрд сомго барабар) жана 138,5 млрд сомго барабар болгон алтындын кору.

“Акыркы жылдары Улуттук банк запастагы алтындын көлөмүн көбөйтүү саясатын жүргүзүп келет. Жогоруда айткан алтын улуттук банкка тиешелүү”, - дейт Карабаева.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек берип жатып, Кумтөрдөн эки жылда 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий