• 87
  • 90.41
  • 0.84

Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды

Экономика 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим бүгүн, 27-августтан тартып күчүнө кирет.

"Кыргызстанда жылдык инфляция көрсөткүчү төмөндөп, 3,6 пайыз деңгээлинде түптөлгөн. Товардык түзүмдө азык-түлүк товарлары боюнча керектөө бааларынын өсүш арымы төмөндөгөндүгү байкалган, бул азык-түлүктүн (негизинен жашылча жана жемиштер, ошондой эле сүт азыктарынын) сезондук арзандашы менен да шартталган, натыйжада ай маанисинде алганда дефляция белгиленген. Азык-түлүктөн башка товарлар тобуна жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшү бир калыпта басаңдаган", - деди ал.

Финансылык жөнгө салуу органынын өкүлү Кыргызстанда экономикалык жигердүүлүк жогору деңгээлде сакталып турганын белгиледи. 2024-жылдын январь-июль айларында өлкөнүн экономикасынын өсүшү реалдуу мааниде алганда 8,7 пайызды түзгөн. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү жана экономикалык субъекттердин керектөө жигердүүлүгүнүн жогорулашы өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүшүнө дем берүүнү улантууда. Ички суроо-талаптын кеңейиши керектөө кредиттеринин көбөйүшү жана калктын реалдуу кирешелеринин өсүшү менен коштолууда.

"Банк системасынын негизги көрсөткүчтөрү туруктуу сакталууда. Банк секторунун ликвиддүүлүгүнүн жана ресурстук базасынын запасы экономиканы кредиттөө көлөмүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзүүдө, алар негизинен, калкка керектөө, ошондой эле сооданы, курулушту жана транспортту каржылоо максатында берилүүдө.

Учурда өлкөнүн ички валюта рыногунда алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү режиминин алкагында, рынокто чет өлкө валютасына болгон суроо-талап менен сунуштун рынок тарабынан калыптанышына байланыштуу алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталууда. Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жөнгө салуу максатында, белгилүү бир мезгил аралыгында банктар аралык валюта рыногунда валюта интервенцияларын жүргүзүп турат", - деди Карабаева.

Улуттук банктын өкүлүнүн айтымында, тышкы чөйрөдө экономикалык жагдай бир калыпта эмес. Региондогу экономикалык жигердүүлүк, бүтүндөй алганда дүйнөдө, акырындык менен калыбына келүүдө, бирок мурдагыдай эле дүйнөдөгү геосаясий жагдайга жана дүйнөлүк азык-түлүк менен чийки зат рынокторундагы баалардын өзгөрүлмөлүү болушуна байланыштуу белгисиздик абалынын деңгээли мурдагыдай эле жогору бойдон турат. Мунун алкагында дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө, анын ичинде айрым Кыргызстандын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө инфляциялык басымдын жогорулашы байкалууда.

"Кыргыз Республикасынын экономикасында ички факторлордун инфляциялык динамикага тийгизген таасири бир калыпта сакталып турат, алардын арасында кыска мөөнөттүү келечекте инфляцияга түрткү берүүчүлөр катары мамлекеттик тариф саясатын, эмгек акыларды жогорулатууну кайрадан пландуу карап чыгуу жана калктын инфляциялык күтүүлөрүнүн сакталышы каралууда.

Бул шарттарда кыска жана орто мөөнөттүү мезгилге каралган инфляция факторлоруна баа берүүнү эске алып, Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 9,00 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калырды. Кабыл алынган чечим өлкөдө баа туруктуулугун сактоо жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Улуттук банктын учурдагы баа берүүлөрү боюнча 2024-жылдын акырына карата жылдык инфляция көрсөткүчү орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчтүн 5-7 пайыз чегинде түптөлүшү күтүлөт", - деди ал.

Карабаева кошумчалагандай, Улуттук банк түптөлгөн тышкы жана ички экономикалык шарттарга баа берүүнү улантат, тышкы чөйрөдө дагы деле сакталып турган тобокелдиктерди эске алуу менен акча-кредит саясатын ар тараптуу иштелип чыккан ыкмаларга таянуу менен жүргүзөт. Кандайдыр бир тобокелдик келип чыккан учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына кошумча түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.

"Эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселе боюнча Улуттук банк башкармасынын кийинки план боюнча отуруму 2024-жылдын 28-октябрында өтөт", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий