• 87
  • 90.41
  • 0.84

Улуттук банк интервенция жасап, валюта рыногуна 47,1 млн доллар сатты

Экономика 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногуна 47,1 млн АКШ долларын сатты. Бул тууралуу Улуттук банкттын сайтында маалымдалат.

Америка валютасын сатуудагы баасы 86,25 — 86,77 сомду түздү. Бул регулятордун быйылкы жылдын башынан берки экинчи интервенциясы: 10-январда Улуттук банк валюта рыногуна 104 млн 250 миң доллар саткан.

Эскерте кетсек, өткөн жылы Улуттук банк 15 жолу интервенция жасаган. Анын ичинен сегизи 486,5 млн долларга чет элдик валютаны сатуу жана жети интервенция 190,74 млн долларды сатып алуу боюнча болгон.

Пикир

Оставить комментарий