• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Улуттук банк коммерциялык банктардагы ар кандай кызматтарга 6 талапкерди бекитти

Экономика 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. 10-сентябрда Улуттук банк «Керемет банк», «Кыргызкоммерцбанк», «Элдик банк» жана «Айыл банк» банктарынын ар кандай кызматтарына 6 талапкерди бекитүү чечимин кабыл алды.

1. «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы / аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Дружинина Наталья Михайловнанын талапкерлигине.

2.«Керемет Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү / тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Эрмакбаева Клара Эргашевнанын талапкерлигине.

3.«Керемет Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Арзыматов Сыргак Жумадиловичтин талапкерлигине.

4. «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү / аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Гаврилюк Андрей Яновичтин талапкерлигине.

5.«Элдик Банк» ачык акционердик коомунун тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Эрмеев Жыргалбек Советбековичтин талапкерлигине.

6. «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун башкы бухгалтери кызмат ордуна сунушталган Садралиева Алтын Анарбековнанын талапкерлигине.

Пикир

Оставить комментарий