• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Кыргызстан жана Катар инвестиция тармагындагы кызматташтыкты күчөтөт

Экономика 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 6-январында Кыргызстандын Дохадагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катар Инвестиция башкармалыгынын (QIA) башкы аткаруучу директору Мансур бин Ибрахим Аль-Махмуд менен жолуккан. КР Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен Доха шаарында өткөн.

Жолугушууда инвестиция тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү маселелери талкууланды.

"Элчи Эшимбеков Кыргызстандын инвестициялык потенциалы боюнча маалымат берип, өз ара аракеттенүү үчүн артыкчылыктуу багыттарды сунуштады. Тараптар келечектүү жана өз ара пайдалуу долбоорлордун үстүнөн иштөө боюнча макулдашышты", - деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Маалымдама: Катар Инвестиция башкармалыгы - мамлекеттик инвестициялык институт жана дүйнөлүк ири көз карандысыз байгерчилик фонддордун катарына кирет. Негизги инвестициялары Европа, АКШ жана Азия-Тынч океан регионунун өлкөлөрүндө жүзөгө ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий