• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улуттук банк менен коммерциялык банктардын өкүлдөрү ички валюта рыногундагы абалды талкуулашты

Экономика 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Улуттук банкта өлкөнүн коммерциялык банктарынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Өлкөнүн башкы банкынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө ички валюта рыногунда учурда орун алып турган жагдай, акча которуу маселелери, коммерциялык банктардын айрым операциялары боюнча тарифтердин өзгөрүшү жана финансылык кызматтардан керектөөчүлөр үчүн актуалдуу башка маселелер талкууланды.

"Катышуучулар дүйнөдө орун алып жаткан геосаясий кырдаалга байланыштуу тобокелдиктер жана алардын ички финансылык рынокко таасири боюнча пикир алмашышты. Учурдагы кыйынчылыктарга карабастан, калкты үзгүлтүксүз тейлөө жана банктык кызматтарды талаптагыдай көрсөтүү зарыл экендиги белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий