Улуттук банк: Рынокто чет элдик валюта жетиштүү

Экономика 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. Бүгүнкү күндө рынокто чет элдик валюта жетиштүү, деп белгилешти Кыргызстандын Улуттук банкынан акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда доллар сатууга чектөөлөр киргизилип жаткандыгы тууралуу маалыматка комментарий берип жатып.

Финансылык жөнгө салуу органынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, Улуттук банк чектөөлөрдү киргизген эмес.

“Валюта рынокто жетиштүү. Суроо-талап учурдагы мезгилге мүнөздүү нормадан ашкан жок. Улуттук банк кырдаалга мониторинг жүргүзүүдө жана зарыл болгон учурда акча-кредит саясатынын колдо болгон инструменттеринин алкагында тиешелүү чараларды көрөт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда бир доллардын расмий курсу 88,92 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий