• 87
  • 90.41
  • 0.84

Улуттук банк сентябрь айында төртүнчү ирет интервенция жасап, дээрлик 28 млн доллар сатты

Экономика 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Улуттук банк валюта рыногунда 27 млн 950 миң доллар саткан – бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 7 млн 650 миң доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 20 млн 300 миң доллар.

Муну менен Улуттук банк сентябрь айында валюта рыногуна төртүнчү ирет, ал эми жыл башынан бери он үчүнчү ирет интервенция менен чыгып жатат.

Пикир

Оставить комментарий