• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улуттук банк төрагасы OIC-COMCEC борбордук банктарынын форумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Боконтаев OIC-COMCEC борбордук банктарынын форумунун 5-отурумунун ишине катышты.

Улуттук банктан билдиришкендей, форум 24-25-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кубанчыбек Боконтаев Түркиянын Борбордук банкынын төрайымы Хафизе Гайе Эркан менен жолугушту.

Мындан тышкары, форумдун алкагында Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы М.Нурмуратов жана Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Т.Сулейменов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууларда тараптар экономикалык кырдаал жана көрүлүп жаткан акча-кредит чаралары тууралуу пикир алмашып, санариптик валюталарды киргизүүнү өнүктүрүү жана эки өлкөнүн борбордук банктарынын ортосунда банк жана финансы чөйрөлөрүндө эки тараптуу кызматташууну чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий