Улуттук банк валюта рыногунан 31,5 млн доллар сатып алды

Экономика 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Улуттук банкы 31 млн 500 миң долларга валюталык интервенция жасады. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.

Улуттук банк ушуну менен жыл башынан бери 7-ирет чет элдик валютаны сатып алып, тескери интервенция жүргүзүүдө.

Учурда Кыргызстанда доллардын расмий курсу 1 доллар 88,15 сомду, евро 95,79 сомду түзүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк 7-майда — 17,7 млн доллар, 26-апрелде — 24,5 млн доллар, 22-апрелде — 25 млн 850 миң доллар, 16-апроелде — 19,2 млн доллар, 8-апрелде - 17,1 млн доллар жана 29-мартта 9 млн доллар сатып алган.

Пикир

Оставить комментарий