• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Улуттук банк жалган документтер аркылуу алдоо фактылары катталып жатканын эскертет

Коом 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Улуттук банк жарандарга жалган документтер аркылуу алдоо фактылары катталып жатканын эскертет.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, социалдык тармактарда белгисиз адамдар Улуттук банктын атын жамынып, банк комиссиясын төлөө жөнүндө жалган эскертмелерди таратууда. Ушуга байланыштуу Улуттук банк жарандарга чалбайт жана эч кандай банк төлөмдөрү боюнча эскертмелерди жөнөтпөй тургандыгын билдирет.

Белгиленгендей, Улуттук банк жеке адамдарды тейлебейт, жарандарга эсеп ачпайт жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт.

"Эч убакта алдамчыларга ишенбеңиз жана бейтаааныш жактарга акчаңызды которбоңуз. Алдамчылардын максаты – сиздин акча каражаттарыңызга жетүү жана уурдоо!

Эгерде сиз кандайдыр бир алдамчылык иштерге кабылсаңыз, бул тууралуу дароо банкка билдирип, картаны же эсепти жабууну суранып, андан соң тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылууңыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий