Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. Улуттук банктан Кыргызстандагы виртуалдык активдерди жөнгө салуу тууралуу айтып беришти.
1. Виртуалдык актив деген эмне, анын пайда болуу жана өнүгүү тарыхы кандай?
Виртуалдык актив – бул ээлери үчүн баалуулукка ээ болгон электрондук санариптик формадагы маалымат (криптовалюталар, санариптик коллекциялык буюмдар, оюндардагы санариптик буюмдар ж.б.).
Виртуалдык активдердин пайда болуу жана өнүгүү тарыхы маалыматтык технологиялардын өнүгүшү менен байланышкан. Виртуалдык активдердин ичинен алгачкы жана белгилүү болгондорунун бири криптовалюталар болгон, анын эң кеңири таанылганы Bitcoin криптовалютасы 2009-жылы түзүлгөн. Bitcoin тармакта коопсуз жана анонимдүү транзакцияларды жасоого мүмкүндүк берген, биринчи борборлоштурулбаган криптовалюта болгон. Bitcoin пайда болушу кызыгууну жаратып, Ethereum, Litecoin жана башка көптөгөн криптовалюталардын иштелип чыгуусуна өбөлгө түзгөн.
Виртуалдык активдер блокчейн технологиясына негизделген, бул белгилүү бир тармактын бардык катышуучуларына реестринин бирдей, өздүк көчүрмөсү аркылуу маалымат алууга мүмкүндүк берген бөлүштүрүлгөн реестр технологиясы. Бул виртуалдык активдерге ээлик кылуу укугун белгилөөгө жана тастыктоого, ошондой эле чогултууга жана сатууга мүмкүн болгон уникалдуу жана чектелген нускадагы объекттерди түзүүгө мүмкүндүк берет.
Учурда виртуалдык активдер барган сайын популярдуу болуп, жашоонун ар кандай чөйрөсүнө тарап жатат. Мисалы, кээ бир сүрөтчүлөр блокчейн жана NFT (Non-Fungible Token, өз ара алмашууга мүмкүн болбогон токен) технологияларын колдонуу менен санарип көркөм өнөр чыгармаларын жаратышат.
2. Виртуалдык активдерди кантип колдонсо болот?
Виртуалдык активдерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрү ар түрдүү. Негизинен виртуалдык активдерге негизделген блокчейн технологиясы дүйнөлүк коомчулук тарабынан салыштырмалуу жакында гана таанылганына карабастан, ал ар түрдүү чөйрөлөргө кеңири тарап жатат. Мында виртуалдык активдерди колдонуунун кээ бир мисалдары келтирилген, алар:
- инвестициялар: Виртуалдык активдер, анын ичинде криптовалюталар, инвестиция катары колдонулушу мүмкүн. Адамдар виртуалдык активдерди сатып алууну жана сатууну активдер кымбаттайт деген үмүт менен жүзөгө ашырышы мүмкүн. Бирок, белгилей кетүүчү нерсе, виртуалдык активдер туруксуздук жана капиталды жоготуу тобокелдигине дуушар болушат, ошондуктан инвестициялоонун алдында рынокту кылдат изилдеп, негиздүү чечимдерди кабыл алуу керек.
- коллекциялык буюм катары чогултуу: Виртуалдык активдерди санариптик көркөм өнөр же виртуалдык карталар сыяктуу уникалдуу санариптик буюмдарды түзүү жана чогултуу үчүн колдонууга болот. Бул буюмдар блокчейн жана NFT технологиясынын жардамы менен уникалдуу жана чектелген нускаларга ээ болушу мүмкүн.
- экономикалык өсүш: Виртуалдык активдер экономикалык өсүшкө жана жаңы тармактардын өнүгүшүнө салым кошо алат. Алар инновацияларга дем берип, блокчейн технологиясына негизделген жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт, жаңы рынокторду жана тармактарды өнүктүрүүгө шарт түзөт.
- оюн индустриясы: Виртуалдык активдер оюн индустриясында кеңири колдонулат. Оюн платформасы оюн ичиндеги виртуалдык буюмдарды, оюн валютасын жана башка ресурстарды сатып алууга жана сатууга, оюн тажрыйбасын өркүндөтүүгө же кийинчерээк кадимки кагаз акчага алмаштырууга мүмкүн болгон виртуалдык активдерди иштеп табууга мүмкүндүк берет.
3. Кыргызстанда виртуалдык активдер жөнгө салынабы?
Ооба, жөнгө салынат, 2022-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамы кабыл алынып, ал 2022-жылдын 28-июлунда күчүнө кирген.
2022-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган, ага ылайык виртуалдык активдер жарандык укуктардын объектилерине кирген (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине), виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр финансылык мекемелердин тизмесине кошулган (Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы), виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн иши лицензиялануучу иштин түрлөрүнө киргизилген (Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамы) ж.б.
Андан кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 «Виртуалдык активдерди жүгүртүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу маселелери жөнүндө» токтому менен «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө» жобого виртуалдык активдер рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча милдеттер киргизилди, ошондой эле виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү субъекттерди жөнгө салууга жана лицензиялоого багытталган Кыргыз Республикасынын бир катар ченемдик укуктук актылары бекитилди.
Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 3-февралындагы № 2023-П-14/8-2-(НПА) токтому менен Виртуалдык активдерге тиешелүү кызматтарды көрсөтүү тартиби бекитилген, анда коммерциялык банктарга виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан тиешелүү лицензияны алуу үчүн Улуттук банктын макулдугун берүүнүн тартибине жана виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды көрсөтүүдө банктардын ишин жөнгө салуу тартибине карата талаптар каралган.
4. Виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр деген кимдер? Алардын ишин ким жүзөгө ашыра алат?
Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамына ылайык, виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр деп ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берилген лицензиянын негизинде виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн бир же бир нече түрүн ишкердик иш катары сунуштаган, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак таанылат.
Жөнөкөй сөз менен айтканда, калкка виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды көрсөтүүгө укугу бар уюмдар.
Бул Мыйзам менен виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр кызмат көрсөтүүгө укуктуу болгон кызматтардын түрлөрү аныкталган:
1) виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу);
2) виртуалдык активдердин ортосундагы алмашуу;
3) виртуалдык активдерди которуу;
4) виртуалдык активдерди сактоо, башкаруу жана контролдоо;
5) эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөр.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу (алмашуу) жана виртуалдык активдердин бир түрүн башкаларга алмаштыруу кызматтарын көрсөткөн виртуалдык активдерди алмашуу операторлорунун иши, ошондой эле виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун иши – криптобиржа каралган.
5. Кыргызстанда виртуалдык активдерди жөнгө салуу кандай өзгөрүүлөрдү алып келди?
Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамы менен виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген, жөнгө салуунун жалпы принциптери белгиленген жана мыйзам менен бекитилген функциялардын жана ыйгарым укуктардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жөнгө салынууга тийиш болгон иштин түрлөрү аныкталган.
Виртуалдык активдер чөйрөсүндө жөнгө салынууга тийиш болгон иштин түрлөрү төмөнкүлөр:
1) майнинг;
2) виртуалдык активдердин эмиссиясы (чыгаруу) жана баштапкы жайгаштыруу;
3) виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн иши.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 «Виртуалдык активдерди жүгүртүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу маселелери жөнүндө» токтому менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталып, ага виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү субъекттердин ишин жөнгө салуу жана аларга карата ченемдик талаптарды белгилөөмилдети жүктөлгөн, ошондой эле жөнгө салынуучу ишти жүзөгө ашырган виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү субъекттерди жөнгө салууну жана лицензиялоону жөнгө салган ченемдик укуктук актылар бекитилди.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык виртуалдык активдер Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм каражаты, валюта жана (же) баалуу кагаз болуп саналбаганын белгилеп кетүү зарыл. Кыргыз Республикасынын аймагында жалгыз төлөм каражаты болуп улуттук валюта – сом саналат.
6. Виртуалдык активдерди жөнгө салууда Улуттук банктын ролу кандай?
Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамына ылайык, Улуттук банк анын өзүнүн көзөмөлүнө алынган жактар тарабынан виртуалдык активдерге тиешелүү кызматтарды көрсөтүүнүн тартибин жана талаптарын аныктайт.
Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамы менен Улуттук банк тарабынан көзөмөдөнгөн субъекттерге кызматтардын айрым түрлөрүн гана көрсөтүүгө уруксат берет, тактап айтканда, виртуалдык активдерди которуу; виртуалдык активдерди сактоо, башкаруу жана контролдоо; эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөр.
Учурда банк мыйзамдарына ылайык, Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган субъектилердин санынан банктар гана Улуттук банктын макулдугу менен лицензиялануучу иштин башка түрлөрү менен алектене алат. Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн башка уюмдар берилген лицензияда каралган операцияларды гана жүргүзүүгө укуктуу.
Мындай банктардын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө үчүн Улуттук банктын 2023-жылдын 3-февралындагы № 2023-П-14/8-2-(НПА) токтому менен Виртуалдык активдерге тиешелүү кызматтарды көрсөтүү тартиби кабыл алынган.
7. Виртуалдык активдерди колдонууда эмнени эске алуу жана билүү керек?
Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамы күчүнө киргенге чейин Улуттук банк Кыргыз Республикасынын калкынын кызыгуусу жогорулагандыгын байкап, виртуалдык активдерди, анын ичинде криптовалюталарды колдонууга байланыштуу мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана кесепеттер жөнүндө эскерткен.
Учурда, мурда белгиленгендей, виртуалдык активдер чөйрөсү жөнгө салынып, калкка виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү, лицензияны алган субъекттер түзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө виртуалдык активдерди виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунан сатып алса болот, алар лицензиялоо жол-жобосунан өткөн, жөнгө салынат жана ченемдик талаптарды, анын ичинде жарандарды коргоо талаптарын сактоого милдеттүү.
Бирок, буга карабастан, виртуалдык активдерге мүнөздүү болгон тобокелдиктер, атап айтканда, виртуалдык активдер үчүн баалардын туруксуздугу сакталып турат, ошондуктан Улуттук банк виртуалдык активдерди колдонууда этият болууну сунуштайт, анткени колдонуучулар бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди өз мойнуна алышат.
Пикир
Оставить комментарий