• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Баткенде дээрлик 2 тонна жүктү мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. Баткенде жалпы салмагы 2 тоннага жакын тиричилик буюмдарын жана азык-түлүктөрдү мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бажычылар тарабынан Б.И.Б. аттуу кыргыз жарынын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда Кыргызстанга ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган товар коштоочу документтери жок чарба товарлары, ошондой эле тамак-аш азыктары аныкталган.

Кармалган товарлар чектеш мамлекеттен алынып келген, жалпы салмагы 1833,3 кг, орточо базар баасы 342 миң 905 сомду түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар бажы органынын бажылык териштирүү секторунда каралууда.

Пикир

Оставить комментарий