• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улуттук банктын 2019-жылдагы 2,5 млрд сомдук кирешеси мамлекеттик бюджетти колдоого жумшалат

Экономика 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Улуттук банктын 2019-жылдагы 2,5 млрд сомдук кирешеси мамлекеттик бюджетти колдоого жумшалат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

"Президент тарабынан Улуттук банктын кирешеси боюнча тапшырма берилди. Улуттук банктын 2019-жылдагы 100%дык – 2,5 млрд сом өлчөмүндөгү кирешесин мамлекеттик бюджетти колдоого жумшоо сунушталды. Ошол эле учурда ал сумманын 10%ы – дээрлик 250 млн сом өлкөнүн каржы тармагын колдоо үчүн резервди түзүүгө жумшалат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий