• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ошто обсервацияларда иштеп жаткан медиктер 9-майга карата азык-түлүк топтомдорун алышты

Аймак 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун демилгеси менен обсервация жана обочолонуу жайларында иштеп жаткан медицина кызматкерлерине 9-майга карата азык-түлүк түрүндөгү белектер тапшырылды.

Иш-чаранын алкагында Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери медиктерге кошумча тамак-аш катары жашылча-жемиштерди, сүт азыктарын, кофе жана таттууларды жеткирип беришти.

Белгилей кетсек, Ош шаарындагы 7 обсервация жана обочолонуу жайында 79 медицина кызматкери эмгектенүүдө. Алар күнү-түнү иш алып барууда. Өз кезегинде медицина кызматкерлери аларга кам көрүп жаткандыктары үчүн терең ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий