• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Эмгек министри Гүлнара Баатырова Оштогу апаларды 8-мартка карата куттуктады

Аймак 0

Бишкек. 05.03.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова 8-март — аялдардын эл аралык күнүн утурлай Ош шаарындагы жалгыз бой энелерди куттуктап, белектерин берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында 144 жалгыз бой, майыптыгы бар карыялар бар. Аларды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын социалдык кызматкерлери тейлеп, кызмат көрсөтүп келишет.

Бүгүнкү күндө Ош шаарында социалдык колдоонун бир айлыгы жарыяланып, бир топ иш-чаралар өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий