• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош мэриясы “Катар Чарити” кайрымдуулук уюму менен кызматташууну күчөтөт

Аймак 0

Бишкек, 18.07.23./Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Катар Чарити” кайрымдуулук уюмунун жетекчиси Фирос Аль Хасавна менен жолугушту, деп билдирет Ош мэриясынын басма сөз кызматы.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кайрымдуулук уюму тарабынан каржыланган социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү маселелери тууралуу сүйлөшүп, мындан аркы кызматташууну тереңдетүү боюнча пикир алышты.

Фирос Аль Хасавна белгиленген багыттар боюнча кызматташууга даяр экенин билдирип, учурда жалпы республика боюнча уюм тарабынан 39 долбоор ишке ашырылып жатканын, өткөн жылы 52 имарат ишке берилгенин жана Ош шаарында 2024-жылы билим берүү, саламаттыкты сактоо жана калкты таза суу менен камсыз кылуу жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу ниети бар экендигин кошумчалады.

Тараптар Ош шаарынын тургундарынын жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий