• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Нарында "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери" аталыштагы форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Нарын шаарында "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери" аталыштагы форум өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара КР министрлер кабинетинин "2022-2028-жылдарга карата, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча" 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөгө ашыруунун алкагында өттү. Ага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты, президенттин Нарын облусундагы өкүлү, жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары, фискалдык кызматтар, мугалимдер, дарыгерлер аксакалдар, аялдар, жаштар кеңештери, коомчулуктун активдүү өкүлдөрү катышты.

“Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери” аталыштагы форумдун жетектөөчү идеясы “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” болуп саналат. Форумдун негизги максаты – Нарын облусунун аймагында укук бузуулардын алдын алуунун максаттары, жарандардын корголуу деңгээлин жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоо, четтетүү.

Форумдун жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, форумдун максаты кылмыштуулукту, укук бузууларды жана эл арасындагы ар түрдүү терс окуяларды баарыбыз биргеликте алдын алып, өз учурунда бөгөт коюу жумуштарды күчөтүү экенин белгиледи.

Ал эми форумдун жүрүшүндө чакырылган конокторго сөз берилип, "Укук бузуунун алдын алуу негиздери" темасындагы атайын даярдалган видеоролик көрсөтүлүп, зордук-зомбулукту алдын алуу максатында театралдаштырылган сценка коюлуп, укук бузуулардын алдын алууда ички иштер органдары менен биргеликте тыгыз иш алып баргандыгы үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу кызматкерлери ИИМдин сыйлыктары менен сыйланышты.

Жыйынтыгында укук бузууларды алдын алуу, коомдук коопсуздукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, үй-бүлөлүк зомбулукту, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы укук бузууларды алдын алуу багыттарын камтыган форумдун резолюциясы кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий