• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Улуттук банктын төрагасы ЭВФтин бөлүм башчылары менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. 22-октябрда Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия өлкөлөрү департаментинин директору Жихад Азур жана Кыргызстан боюнча өлкөлүк миссиясынын башчысы Николоз Гигиенишвили менен жолукту.

Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу тараптардын жолугушуусу Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун башкаруучуларынын Вашингтон шаарында өткөн ар жылдык жыйынына катышуунун алкагында өттү.

Жолгушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы акыркы экономикалык тенденциялар, ошондой эле өлкөбүз кабыл алып жаткан экономикалык саясат чараларын талкууланды. Улуттук банктын баа туруктуулугуна жетишүүгө жана каржылык туруктуулукту бекемдөөгө багытталган саясатына өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий