• 84.2
  • 92.98
  • 0.92

Экономика министри Данияр Амангелдиев Афганистандын тоо өнөр жай министринин м.а. менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Афганистандын тоо өнөр жай жана нефть министринин милдетин аткаруучу Шахабуддин Делавар жолугушуусу болуп өттү.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 25-январда Афганистандын борбору Кабул шаарында өттү.

Талкуунун негизги темалары тоо-кен өнөр жайынын маселелери, кендерди иштетүү жана кен байлыктарын иштетүүнүн перспективасы тууралуу болду.

Жолугушууда кендерди иштетүүгө байланышкан маанилүү маселелер, анын ичинде темир рудасын эксплуатациялоо, сурьма жана мунай казып алуу маселелери талкууланды.

Тараптар тоо-кен, мунай жана газ тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле бул багыттар боюнча жигердүү тажрыйба алмашууга өз ара кызыкдарлыгын билдиришти.

Эки өлкөнүн адистери үчүн биргелешкен окуу семинарларын өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Бул иш-чаралар тоо-кен казып алуу, мунай жана газ секторлорунда эффективдүү иштөөгө өбөлгө түзгөн мыкты тажрыйбаларды жана технологияларды бөлүшүүгө багытталган.

Тараптар тоо-кен тармагындагы амбициялуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн колдоо жана өз ара түшүнүшүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Кеңешмени жыйынтыктап жатып, министрлер келечектеги күч-аракеттердин, анын ичинде тоо-кен жана мунай-газ тармагындагы жемиштүү болоруна ишеним артышты.

Пикир

Оставить комментарий