• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Улуттук госпиталда борборлоштурулган медициналык тез жардам бөлүмү ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 15.09.24./Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда Бишкекте Улуттук госпиталдын жаңы борборлоштурулган тез медициналык жардам бөлүмү ачылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, салтанаттуу иш-чара министрдин биринчи орун басары Медербек Исмаилов, Кувейттин "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана башкармалыгынын төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Альшая, Улуттук госпиталдын жамааты жана башка коноктордун катышуусунда өттү.

"Ас-Сафа Центр" коомдук бирикмесинин колдоосу менен ал жерде бардык зарыл болгон курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүп, бейтаптарды кабыл алууга жана медицина кызматкерлеринин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Жаңы борбор Улуттук госпиталдын негизги тез жардам кызматтарын бир чатырдын астында бириктирет, бул медициналык адистердин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга жана оор кырдаалдарда жардам көрсөтүү процессин тездетүүгө мүмкүндүк берет.

Медициналык жардамды эң жогорку деңгээлде көрсөтүүгө мүмкүндүк берген заманбап жабдылган операциялык жана реанимация блокторго өзгөчө көңүл бурулду.

Бөлүмгө төмөнкүлөр кирет:

  • нейротравматологиянын кабыл алуу бөлүмү;
  • жаак-бет хирургиясы; манжа микрохирургиясы;
  • көздүн микрохирургиясы №2 (көздүн тез жардам бөлүмү);
  • ыкчам урология;
  • травматология;
  • ЛОР (кулак, мурун, тамак);
  • ыкчам хирургия;
  • терапиянын кабыл алуу бөлүмү;
  • проктология;
  • ыкчам неврология;
  • кан тамыр хирургиясы.

Пикир

Оставить комментарий