Улуттук госпиталда дистанциялык сокку-толкундуу литотрипсия бөлмөсү ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Күн мурун Улуттук госпиталдын урологиялык борборунда дистанциялык сокку-толкундуу литотрипсия (ДСТЛ) бөлмөсүнүн ачылышы болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Иш-чара саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун өкүлдөрүнүн жана оорукана кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

"Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө күнүнө 30-50дөй бейтап кайрылса, алардын 60% бөйрөгүндө таш оорусу менен келишет. Ал эми заара түтүкчөсүнөн, же бөйрөктөгү ташты операциясыз алууда эң жакшы ыкма - атайын аппараттын жардамы менен ташты эзүү. Бүгүнкү күндө МЖӨ долбоорунун алкагында Улуттук госпиталга заманбап дистанциялык литотрипсия аппараты орнотулуп, ДСТЛ кабинети ишке киргизилип жатат. Ал медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана бейтаптын ооруканада болуу убактысын бир топ кыскартууга жардам берет", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий