• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандыктар үчүн медициналык камсыздандыруунун баасы көтөрүлөт

Ден соолук 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Кыргызстандыктар үчүн медициналык камсыздандыруунун баасы көтөрүлөт.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришкендей, Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, 2024-жылдын 1-февралынан тартып Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистеринин наркы өзгөрөт.

1.Кыргызстандын жарандары, Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жайгашкан жана мыйзамдуу түрдө эмгектенип жаткан үй-бүлө мүчөлөрү үчүн; качкындар, Кыргыз Республикасында башпанеек издеген адамдар жана кайрылмандар үчүн ММК Полиси:

- 12 календардык айга - 1 840 сомду түзөт (1 722 сом болгон).

Жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы адамдар үчүн нарктын өлчөмү Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталуучу өткөн календардык жылда Кыргызстанда түзүлгөн социалдык-демографиялык топ үчүн жашоо минимумуна жараша жүргүзүлөт (жылдын 15-январынан кечиктирилбестен).

2. Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар үчүн колдонуу мөөнөтү менен:

- 6 календардык айга - 5 955 сом (8 196 сом болгон),
- 12 календардык а йга - 11 910 сом (16 391 сом болгон)

3.Кыргызcnстандын билим берүү уюмдарында окуп жаткан чет өлкөлүк жактар үчүн колдонуу мөөнөтү менен:

- 12 календардык айга - 11 910 сомду түзөт.

Жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы жактар ​​үчүн нарктын өлчөмү отчеттук жылдан кийинки жылдын июнь айында Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталган өткөн календардык жыл үчүн чет өлкөлүк жарандардын орточо айлык эмгек акысына негизделет.

Пикир

Оставить комментарий