• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Улуттук госпиталда коронавирус менен ооруган бейтаптар үчүн кошумча 300 орун даярдалууда

COVID - 19 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Улуттук госпиталда коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн кошумча 300 орун даярдалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, ал үчүн 3 жылдан бери колдонулбай жүргөн урология бѳлүмүндѳ оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин айтымында, оңдоп-түзөө иштери 5-ноябрда башталган.

“300 орундуу бул бѳлүмгө мамлекеттин эсебинен 40 млн сом, ички жабдуулар үчүн КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 40 млн сом каражат бѳлүп берүү каралууда. 140 кишиден турган жумушчу топ оңдоп-түзѳѳ иштерин жүргүзүп жатат. Бул бөлүм 10-декабрда колдонууга берилет деп пландалууда”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий