Бишкек, 10.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу Улуттук госпиталдын бөлүмдөрү карантинге жабылды. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана кызылча оорусунун көбөйүшү менен бейтаптар дарыланып жаткан бөлүмдөргө кирип чыгууга учурда мүмкүн эмес.
“Улуттук госпиталдын 39 бөлүмүндөгү карантинге ылайык, учурда кирип чыгуу режимдери өзгөртүлүп, ооруканага сырттан адамдардын кирүүсүнө тыюу салынган.
Бөлүмдөрдө атайын изоляторлор даярдалган. Эгер инфекциялык жугуштуу оорулар менен бейтаптар келсе изолятордо инфекционист дарыгерлер менен биргеликте дарылоого даярбыз. Бизде абал туруктуу, ал эми инфекциялык оорукананын 5 бөлүмүндө инфекциялык ооруларга, кызылча оорусуна чалдыккандар дарыланып жатышат. Ал эми Улуттук госпиталда абал тынч”, - деди Бакыт Төлөгөнов.
Башкы дарыгеринин берген маалыматы боюнча Улуттук госпиталдын бейтапканасына өткөн жыл ичинде 65 пайыз аймактардан, 35 пайыз шаар ичинен 110 миң бейтап кайрылган. Күнү-түнү шашылыш жардам жыл ичинде 42 миң адамга 11 багыт боюнча көрсөтүлгөн. Ошондой эле 2024-жылы 40 миң 800 адам пландык-стационардык дарылоодон өткөн.
“Улуттук госпиталдын 11 күнү-түнү шашылыш жардам көрсөтүү бөлүмдөрү госпиталдын имаратынын 11 жеринде жайгашкан. Өткөн жылы барын бириктирип, борбордоштурулган шашылыш жардам көрсөтүү бөлүмүн ачууга жетиштик. Учурда ошол жерге 6 бөлүмдү көчүрдүк, эми дагы 5 бөлүмдү көчүрүү зарылдыгы турат.
Борбордоштурулган шашылыш жардам көрсөтүү бөлүмүнө ушул жуманын биринчи күнү 140 киши кайрылды. Ал эми 31-декабрдан 1-январдын түнүнө карата ар кандай жаракаттар, оорулар менен 180 киши кайрылды”,- дейт Улуттук госпиталдын башкы дарыгери.
Пикир
Оставить комментарий