Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 19-майда Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын 10128-аскер бөлүгүндө Ачык эшиктер күнү өттү.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара КР Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгына карата өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында анык мөөнөттөгү аскер кызматчылары конокторго кол менен кармаш урушунун ыкмаларын, курал-жарактардын үлгүлөрүн көрсөтүштү жана мектеп окуучулары аскер кызматчыларынын жашоосу жана турмуш-тиричилиги, аскер кызматынын өзгөчөлүктөрү менен таанышты.
Пикир
Оставить комментарий