• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Улуттук олимпиада комитети спортчулардын Париждеги жашоо-шарты боюнча үн катты

Спорт 0

Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Улуттук олимпиада комитети кыргызстандык спортчулардын Париждеги жашоо-шарты боюнча үн катты.

Комитеттен белгилешкендей, башында Олимпиада айылындагы ашканаларда узун кезек жаралган. Уюштуруу комитети атлеттердин арызын эске алып, тамак берүү жакшыртылган. Машыктыруучулардын айтымында, азыр салат, жер-жемиш, экинчи тамактар жетиштүү. Спортчуларга шорпо, кайнатылган эт, тоок сыяктуу кошумча тамак берилип жатат.

Машыктыруучулардын суранычы менен спортчулар 1 жана 2 кишилик номерлерде жашап жатышат.

Олимпиада айылында бир дагы федерация президенти жок. Ал жакта спортчулар менен эле машыктыруучулар жашайт. Уюштуруу иштерин камсыз кылган атташе, шеф-миссиялар дагы бар. Алар допинг-тест жасап, отчет жазышат. Медперсоналга да өзгөчө маани берилген. 16 спортчуга 2 укалоочу, 2 дарыгер иштеп жатат. Токиодогу Олимпиадада бирден эле барышкан.

Күрөш менен бокс федерациясынын президенттери Парижде өз эсебинен жүрүшөт. Жеңил атлетика федерациясынын президенти World Аtletics ассоциациясынын эсебинен барган. Ал эми Сууда сүзүү федерациясынын башчысы эл аралык судья катары жүрөт

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Аскар Салымбеков Парижге өздөрү барышкан. Министр Олимпиада айылына бир жолку колдонулуучу аккредитация менен кирип, дарыгерлер менен жолугуп, команда кандай тейленип жатканын көрүп чыккан

Пикир

Оставить комментарий