Улуттук жазуучулар союзунун имараты оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Мамлекет 2 млн сом бөлгөн

Коом 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Улуттук жазуучулар союзунун имараты оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу 22-апрелде Бишкекте улуттук жазуучулар союзунун кезектеги курултайында бирикменин төрагасы Нурлан Калыбеков билдирди.

Эркиндик, 54 дарегинде жайгашкан имараттын 2-кабатына жазуучулар союзу 2007-жылы көчүп кирген. Анын жалпы аянты 60 чарчы метрди түзөт. Ошол убакыттан бери имарат оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес.

"Имараттын ремонтуна мамлекет тарабынан 2 млн сом бөлүнгөн. Учурда оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен союздун 2018-жылдын 31-декабрына чейинки 1,5 млн сомдук карызы толук төлөнүп берилди. Анын ичинде коммуналдык кызматтарга жана ижара акысына болгон карыздар бар болчу", - деди ал.

Калыбеков президенттин дагы бир тапшырмасы менен коммуналдык төлөмдөр мындан ары Президенттин иш башкармалыгынын эсебинен төлөнүп турарын белгиледи. Буга чейин коммуналдык кызматтарга делип ай сайын 33 миң сомдой төлөнүп келген.

Пикир

Оставить комментарий