• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Сузакта унааны айдай качкан жаран Чүй облусунун аймагынан кармалды

Коом 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Сузакта унааны айдай качкан жаран Чүй облусунун аймагынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-апрелде 1977-жылы туулган А.Э. аттуу жаран милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 13:30 чамасында Сузак районунун Көк Арт айылындагы үйүндө токтоп турган "Тойота Альфард" үлгүсүндөгү унаасын чала тааныш жаран мыйзамсыз айдап, белгисиз тарапка качып кеткен.

Бул факты боюнча ыкчам кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагында айдап бара жаткан жеринен 1993-жылы туулган Э.К. аттуу жаран кармалып, Жайыл РИИБнин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий