• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Жалал-Абадда экзамен учурунда курсант мини-видео камера, уюлдук телефон колдонгон

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад регионалдык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан квалификациялык сынактарды кабыл алуу эрежелерин бузуу фактысы аныкталган.

Мекемеден билдиришкендей, теориялык экзамен тапшыруу учурунда курсант К.Б.С. мини-видео байкоо камерасын, уюлдук телефонду жана башка атайын каражаттарды колдонгон.

Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына берилди.

Пикир

Оставить комментарий