• 87.86
  • 93.94
  • 1

Төрөбаев Пекиндеги Туруктуу транспорт – 2023 глобалдык форумунун ачылышында сөз сүйлөдү

Өкмөт 0

Бишкек, 23.09.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайга болгон жумуш сапарынын алкагында Пекин шаарында өткөрүлгөн Туруктуу транспорт – 2023 глобалдык форумунун ачылыш аземине катышты.

Сөзүнүн башында Төрөбаев Форумдун бардык катышуучуларына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу сөздөрүн жана жакшы каалоолорун айтып, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Вице-премьери Хэ Лифэнге жана дос кытай элине жылуу меймандостугу, ошондой эле иш-чараны мыкты уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев бул форумдун актуалдуулугун жана керектүүлүгүн белгиледи, анткени транспорт тармагы дүйнөлүк экономиканын негизги сегменттеринин бири болуп саналат жана БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууда маанилүү роль ойнойт.

Туруктуу транспорт боюнча Глобалдык форумдун күн тартибинин жүрүшүндө МинКаб Төрагасынын орун басары ири стратегиялык долбоорлорду, атап айтканда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

“Бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы биздин аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирип, Азиядан Европага, Жакынкы Чыгышка, Иранга, Перс булуңунун өлкөлөрүнө жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейтип, оң натыйжаларга ээ болот жана өз ара сооданын көлөмүнүн өсүшүнө таасирин тийгизет”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Ошону менен бирге, учурда Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара сооданын негизги логистикалык компоненти автомобиль транспорту экенин эске алып, МинКаб Төрагасынын орун басары жаңы ачылып жаткан “Бедел” көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу өтө турган “Барскоон – Учтурфан – Аксу” унаа жолун куруу аркылуу аймактын транспорттук потенциалын кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары 2023-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында жогоруда аталган долбоорду толук ишке ашыруу үчүн негиз боло турган документке кол коюлганын кубануу менен белгиледи.

Ири масштабдуу трансконтиненталдык транзиттик каттамдарга токтолгон Бакыт Төрөбаев дүйнөдө жаңы логистикалык чынжырлар курулуп жатат: бизнес туруктуу сатуу рынокторуна жетүүнү издеп жатат, бул кошумча жана альтернативалуу маршруттарды иштеп чыгууга негиз болуп калганын белгиледи. Финансылык жана экономикалык уюлдардын ортосундагы экономикалык байланыштарды глобалдык оптималдаштыруу Борбордук Азиядагы транзиттик каттамдардын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизет.

Ушуга байланыштуу транспорттук туңгуюктан чыгуунун негизги багыттарынын бири “Түштүк транспорт коридору” болушу керек. “Түштүк коридор” албетте, бардык катышкан мамлекеттердин ортосундагы өз ара пайдалуу сооданын көлөмүн олуттуу түрдө жогорулатат жана кызматташтык үчүн жаңы горизонтторду ачат.

МинКаб Төрагасынын орун басары өз сөзүндө Улуу Жибек Жолунан баштап, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан жарыяланган азыркы масштабдуу “Бир алкак – бир жол” демилгеге чейинки транспорт жана соода жолдорунун калыптанышына тарыхый экскурсия жасады.

МинКаб Төрагасынын орун басары катышуучулардын көңүлүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын май айында Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик сапарына бурду, анын жүрүшүндө Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен тарыхый маанилүү сүйлөшүүлөр болгонун айтты.

Бакыт Төрөбаев транспорттук кызматташуунун дагы бир маанилүү темасы – авиацияга өзүнчө токтолду. Бүгүнкү күндө Сиань-Бишкек багыты боюнча каттамдар ачылып, Үрүмчү-Бишкек багыты боюнча каттамдардын багыты көбөйтүлгөнү айтылды. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Чэнду-Бишкек багыты боюнча аба каттамдарын ачуу пландалууда. Ошондой эле жакын арада тараптар Пекин-Бишкек түз авиакаттам ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Сөзүнүн аягында Бакыт Төрөбаев Форумдун бардык катышуучуларына ийгилик жана жемиштүү иш каалады.

Пикир

Оставить комментарий