“Унаа” мекемесинин Аламүдүндөгү бөлүмү эртең иштебейт

Коом 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүндөгү бөлүмү эртең, 30-июлда иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Төмөнкү Ала-Арча айылында электр жабдууларды жакшыртуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу Школьный, 7а дарегиндеги "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн бөлүмү 30-июлда иштебейт.

Автотранспорт каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик кызмат Бишкектин Ч.Валиханов, 2 дарегинде жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий