"Унаа" мекемесинин кызматкеринин милдетин абийирсиз аткарганы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан кызматтык милдеттерин абийирсиз аткаруу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин "Унаа" ММ тарабынан калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында мекеменин аймактык бөлүмдөрүндө коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча дайыма текшерүүлөр жүргүзүлүп келет.

2022-жылы борбордук аппараттын кызматкерлеринин ичинен түзүлгөн жумушчу комиссия аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан өздөрүнүн кызматтык милдеттерин абийирсиз аткаруу фактыларын аныктаган.

Анын ичинде "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басарынын Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында курсанттарга компьютердик зымсыз манипулятор жана дүрбү аркылуу экзамен тапшырууга жардам берген кызматкердин окуясы аныкталган.

Жумушчу топтун текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий