• 87
  • 89.63
  • 0.85

Унаа салыгын жоюу тең салмактуу жана адилеттүү болду

Аналитика 0

Кыргызстанда унаа салыгы жоюлуп, анын ордуна унаага куюлган ар бир литр күйүүчү май үчүн эми бир сомдон төлөмөй болушту. Мындан чогулган каражат түздөн түз Жол фондунун бюджетине түшөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин өткөн жылдын аягында мамлекет башчы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, “Жол фонду жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койгон.

Бул мыйзам жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана жалпысынан жол инфраструктурасынын абалын жакшыртууга жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө багытталган.

Бензинди жана дизелдик отунду импорттоочу же өндүрүүчү субъекттер жыйымдардын төлөөчүлөрү болуп калат. Жыйымдар Жол фондуна түшүп, алар республикадагы автожолдорду оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого гана жумшалат.

Унаа салыгын күйүүчү майга кошумча төлөмгө алмаштырууну Транспорт жана коммуникация министрлиги демилге көтөрүп, сунуштаган.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2025-жылы өлкөнүн Жол фондунун бюджетине 5 млрд сом өлчөмүндө киреше түшүү пландалууда. Бирок жолду оңдоого акча чогултуу схемасы өзгөртүлсө, бул сумма 7 млрд сомго чейин өсүшү мүмкүн.

Министрлик күйүүчү майга кошумча төлөм сунушун киргизгенге чейин, республиканын Жол фондусу буга чейин күйүүчү-майлоочу майга болгон акциздик салыктардын, адистештирилген жыйымдардын жана айып пулдардын, ошондой эле республикалык бюджеттен субсидиялардын эсебинен каржыланып келген. Өлкөнүн жолдорун калыбына келтирүү үчүн 10 млрд сом керектелет жана Транспорт министрлиги акча чогултуунун жаңы формасы муну ишке ашырууга мүмкүндүк берет деп ишенет. Себеби, бул жаңы ыкманын негизги принциби–ким көп айдаса, ал көбүрөөк төлөйт.

Президенттин жарлыгы менен бирге 2025-жылдын 1-январына чейин транспорт салыгын төлөбөгөн бардык унаа ээлерине мунапыс жарыяланды. Мындан тышкары, юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге да финансылык жеңилдиктер жарыяланды. Ошондой эле алардын чогулган бардык карыздары кечилди, бирок 2022-жылдын 1-январына чейин гана.

Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын жаңы төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бул маселе боюнча мындай дейт:

“Транспорт салыгынын философиясы– каражат жолдорду жакшыртууга жумшалышы керек, бирок мурда ал жергиликтүү бюджетке түшүп, таптакыр башка максаттарга жумшалып кетчү. Ар бир литр бензинге же соляркага бир сомдон кошсок, бул акча түз эле Транспорт министрлигинин бюджетине түшөт, демек түз эле жол фондун колдоого жумшалат. Мындай учурда мен жеке өзүм эсептейм, буга чейин эл төлөгөн транспорттук салыктын кереги жок”,-дейт ал.

Жаңы транспорт салыгын киргизүү жана эскисин жокко чыгаруу маселелерин түшүндүрүп берүу үчүн Кыргызстандын базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономаревго кайрылып көрдүк. Кырдаалды ачык мисалдар менен талдап көрсөк, жарандарга салыктык басымы жогорулабайт. Ал эми, инфляция болуп жана экономикага тескери таасир тийгизиши мүмкүн деген ушак-айың кептер өтө апыртылган дейт эксперт.

«Президенттин жарлыгы функционалдык жактан жолдорду куруу жана транспорттук инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн фондго жана бюджетке ээ болууга багытталган. Буга чейин болгон транспорттук салыктын унаалардын чыгарылган жылы жана кыймылдаткычтын көлөмү менен байланыштырган шарттарында олуттуу кемчиликтер болгон. Ал каттоодо турган, анын ичинде техникалык мүчүлүштүктөрдөн жана ар кандай бузулуулардан улам көп жылдардан бери айдалбай жүргөн унаалардан дагы алынышы керек болчу. Албетте, айдалбаган, бузулган унаалар үчүн эч ким салык төлөгөн эмес.

Мындан тышкары, 10-15 жыл мурун сатылып кеткен унаалар мурдагы ээлерине дагы эле катталып, айып пулдар менен ири өлчөмдөгү карызга дуушар болуп жатканы көпчүлүк унаа айдоочуларды таң калтырды.

Мунун баары биригип, албетте, туура эмес. Ошондуктан, эски карыздарды жоюу өз убагында кабыл алынган чечим», - деп белгилейт Сергей Пономарев.

Күйүүчү-майлоочу майдын литрине сомдон алуу менен мамлекет бюджеттин айрым көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылып жатканын адистер жаңылыш пикир деп эсептешет. Учурда мамлекеттик казынаны толтурууда башка жетиштүү булактар бар. Эгерде жоюлган транспорт салыгы боюнча болжолдуу эсептөөлөрдү алып, аны жол фондуна күтүлүп жаткан кирешелер менен салыштыра турган болсок, мамлекет 100 миллиондой чыгымга учурайт. Демек, салык жүгүн көтөрүү жөнүндө сөз кылган «адистер», жумшак айтканда, бул теманы жакшы түшүнүшпөйт.

«Жаңы күйүүчү май салыгын киргизүү туура кадам. Бул салыкты күйүүчү-майлоочу майларды саткан ишканалардан чогултулуп, дароо атайын фондго жөнөтүлөт жана максаттуу пайдаланылышы мүмкүн. Ким көбүрөөк айдаса, ошол көбүрөөк төлөйт. Тагыраак айтканда, жолдорду ким активдүү пайдаланса, ошого жараша көбүрөөк салым кошуусу керек. Бул тең салмактуу жана адилеттүү мамиле”, - деп кошумчалады Пономарев.

Белгилей кетсек, эксперттер күйүүчү-майлоочу майлардын бир литрине 1 сом салык киргизилгенден кийин товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшүнө эч кандай тобокелчиликти көрүшпөйт. Себеби, буга чейин күйүүчү-майлоочу майлардын күзгү мезгилдеги бааларынын өйдө-ылдый болгону жалпы бааларга терс таасирин тийгиген эмес. Ошондуктан бул факторлор таптакыр маанисиз.

«Менин оюмча, бензин менен дизелдик отундун бир аз кымбатташы азык-түлүк, жашылча, мөмө-жемиш жана башка керектөөчү товарлардын кымбатташына алып келбейт.

Ал эми, мындан ары, мен тобокелдиктерди көргөн жокмун. Анткени таасир минималдуу болот. Бул инфляциянын себеби болушу мүмкүн эмес, аны башка себептердин байланышы козгоп жибериши гана мүмкүн. Башкача айтканда, экономика үчүн кандайдыр бир кесепеттери тийип калат дегенге эч кандай негиз жок, анткени биз күйүүчү майдын баасынын жылына 3 жана 5 сомго сезондук өзгөрүшүн көрүп эле жүрөбүз. Бул эч кандай терс тенденцияларды пайда кылган эмес», - деди Пономаров.

Маалымат айдынында салык жүгүн жогорулатуу жана айрым экономикалык кесепеттер тууралуу маалыматтар маселени толук түшүнбөгөндүктүн, же айрым “адистердин” начар даярдыгынын белгиси. Эксперттердин айтымында, мамлекеттин салык салуу маселелерине кылдаттык менен көнүл буруп жатканы, салыктар ачык-айкын жана адилетту болуп жатканы тескерисинче, экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий