• 87
  • 90.41
  • 0.84

Унаада шымы жок отурган мас абалындагы милиция кызматкери жумуштан бошотулду

Коом 0

Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. Видеого шымы жок түшкөн милиция кызматкери жумуштан алынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кызматтык текшерүүнүн натыйжасында анын мас абалында болгондугу аныкталган.

Эске сала кетсек, жарандык активист Болот Ибрагимов Ички иштер министрлигинин кызматкери унаанын алдыңкы орундугунда шымы жок отурганын видеого тартып алган. Аталган факт боюнча кызматтык текшерүү жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий