• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда дем алыш күндөрү эки адам сууга чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. Кыргызстанда дем алыш күндөрү эки адам сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-июлда саат 15:02 чамасында Комсомольское көлүнө 2000-жылы төрөлгөн А.Б.А. аттуу жигит чөгүп кеткен. Куткаруучулар анын денесин суудан алып чыгышып, милицияга өткөрүп беришкен.

Ошондой эле 29-июлда Беловодск-Темен-Суу жолунун 12-чакырымында 1986-жылы төрөлгөн Р.Г аттуу аял дарыяга чөгүп кеткен. Куткаруучулар анын денесин саат 20:55те алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий