• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Унаадан тартып мөмө-жемишке чейин бар. УКМК эки жумада Баткенде мыйзамсыз эмнелер кармалганын тизмектеди

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. УКМК Баткен облусунун аймагында аткезчилик менен күрөшүү боюнча ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларын улантып жатканын маалымдады.

Сентябрь айынын эки жумасында УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Лейлек районунун аймагында унаалардан тартып мөмө-жемиштерге чейин кармалганын тизмектеди:

- 3-сентябрда 2015-жылы чыгарылган, мамлекеттик номери жок “BMW 320i” үлгүсүндөгү унаа коңшу тараптан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз аткезчилик жолу менен алынып келинген;
- 14-сентябрда “Хундай-портер” маркасындагы жасалма номердик белгиси бар автотранспорт каражаты менен 1994-жылы туулган Лейлек районунун Достук айылынын тургуну Б.М.Э. 4 тоннадан ашык мыйзамсыз жүзүм ташыган;
- 14-сентябрда 3 даана “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаалар, биринде чектеш тараптын жасалма номери, дагы 2 унаага Кыргызстандын номери тагылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө автотранспорт каражаттарынан мыйзамсыз түрдө өлкөгө алынып келинген жалпы салмагы 13 миң 500 кг болгон колдонулган аккумуляторлор табылган;
- 15-сентябрда “Мерседес Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаанын жүк бөлүгүнөн эч кандай коштоочу документтери жок 2850 кг уйдун фаршы жана 360 кг тооктун фаршы табылган;
- 15-сентябрда “Мерседес-спринтер” үлгүсүндөгү автотранспорт каражатында: электр лампалары – 7240 даана; электр мештери – 10 даана; кондиционер - 6 даана; шампунь, кир жуучу каражат (порошок), белизна – 1650 даанадан ашык эч кандай коштоочу документтери жок табылган;
- 15-сентябрда “Мерседес-Спринтер” үлгүсүндөгү унаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда эч кандай коштоочу документтери жок (2200 кг ашык) жүзүм табылган.

Аталган фактылар электрондук маалыматтык журналга катталып, иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК коңшу мамлекеттер менен мамлекеттик чек ара аркылуу аткезчилик кылгандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий