• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Унааны милдеттүү камсыздандыруу, ири чыгымдардан сактайт

Маек 0

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан тарта автоунаага жарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу эрежеси күчүнө кирет. Буга байланыштуу аталган мөөнөткө чейин жеке жарандар өз унааларын камсыздандырууга милдетүү.

Ал эми юридикалык жактардын менчигинде же ээлигинде турган, анын ичинде мамлекеттик органдар, ошондой эле башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери же айдоочулары үчүн талаптар 2023-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирген.

“Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууда (орусчасы - ОСАГО) жаран жол кырсыгына кабылган учурда үчүнчү жактарга келтирилген зыянды жабууга жардам берет”.

Кыргызстанда “Автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам 2015-жылы кабыл алынганы менен автоунаага милдеттүү камсыздандыруу эрежесин киргизүү аракети ишке ашпай келген. Жеке жактар үчүн автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин алуу мөөнөтүнүн аяктоосуна саналуу кана күндөр калды, эрежени аткарбагандарга карата айып пул салуу каралган. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Азат Кендирбаев “Кабар” маалымат агенттигине маалымат берди.

- Автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин алуунун негизи артыкчылыгы?

- Автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин алуу менен жаран жол кырсыгына кабылып күнөөкөр болгон учурда өзүн олуттуу көйгөйлөрдөн, чыгымдардан коргой алат. Унаасы жабыркап материалдык чыгымга учураган үчүнчү тарапка камсыздандыруу компаниясы чыгымды толугу менен төлөп берет. Эгерде окуя тескерисинче болуп сиз жабырлануучу болсоңуз, камсыздандыруунун алкагында сиз тарткан чыгымды күнөөлүү тараптын камсыздандыруу компаниясы төлөп бермекчи.

Полисти алуу үчүн зарыл болгон документтер:

  • келишим түзүү жөнүндө арыз;
  • паспорт, аскердик билет же айдоочулук күбөлүк (эгерде камсыздандырылуучу жеке адам болсо);
  • юридикалык жакты мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (эгерде камсыздандырылуучу юридикалык тарап болсо);
  • транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк (техпаспорт);
  • диагностикалык карта, техникалык кароонун талону;

- Айдоочу менен камсыздандыруучу компаниянын ортосундагы келишим канча убакытка түзүлөт?

- Унаа ээси менен камсыздандыруу компаниянын ортосунда автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полиси боюнча келишимди 5 күндөн 365 күнгө чейин түзсө болот.

- Эгер жарандын 2 же андан көп унаасы болсо же 1 унааны 2 же андан ашык адам айдаса ар бирине полис алуу зарылбы?

- Эгер бир адамдын бир нече унаасы болсо, ар бирине бирден полис алууга тийиш. Ал эми бир унааны бир нече айдоочу айдаса ошол полиске тизме болуп киргизилет.

- Эгер унаа сатылса, полисти жаңы кожоюнга берип коюуга болобу?

- Унаа сатылып, кожоюндар алмашканда полис жаңы кожоюнга өтөт. Эгер полис өтүү учурунда эски кожоюн менен жаңы кожоюндун ортосунда жаш курагы, айдоочулук стажында айырма болсо, кошумча төлөм төлөнүшү мүмкүн.

- Кожоюн өз ыктыяры менен унаасын камсыздандырган болсо, дагы милдеттүү түрдө камсыздандыруу зарылбы?

- Биз бул жерден унааны ыктыярдуу камсыздандыруу менен автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандырууну айырмалап алышыбыз керек. Унаанын ээсинин кызыкчылыгын коргогон ыктыярдуу камсыздандыруу (орусчасы - КАСКО) - бул жерде унаа кожоюндун өз ыктыяры менен камсыздандырылат. Ыктыярдуу камсыздандыруу (КАСКО) боюнча камсыздандырылган унаага жол кырсыгы, уурдап кетүү, таш тийүү, табигый кырсыктар, үчүнчү жактар унааны чийип, талкалап салуу сыяктуу келтирилген зыяндардын орду толтурулуп берилет. Ал эми автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу - жоопкерчиликти камсыздандыруу болуп эсептелинет. Башкача айтканда, автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу - унаа ээлеринин үчүнчү жактардын алдында болгон жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу. Автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу боюнча биз унаа ээсине эмес, ал унаасы менен сүзгөн тарапка төлөйбүз. Мисалы, унаа ээси жол кырсыгына кабылып, бирөөнү сүзүп алса, ошол сүзүлгөн адамдын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыянга төлөнөт. Ошондуктан дээрлик дүйнө өлкөлөрү менен катар Кыргызстанда да бардык жол кырсыгынан жабыркаган адамдардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо максатында бул камсыздандыруу киргизилүүдө. Башкача айтканда, сүзүлгөн тарап кандайдыр бир суммада компенсация ала алат деген кепилдик.

- Кыргызстанда канча камсыздандыруу уюму бар жана кайсы уюмдар автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин берүүгө укугу бар?

- Кыргызстанда 16 камсыздандыруу компаниялары бар жана анын ичинен 15 компания автоунаага жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин сата алат.

  • “СК “НСК” ЖАК;
  • “СК “АЮ Гарант” ЖАК;
  • “Государственная страховая организация”;
  • “СК “Кыргызстан” ЖАК;
  • “СК “АТН Полис” ЖАК;
  • “СК “Алма Иншуренс” ЖАК;
  • “СК “Арсеналъ-Кыргызстан” ЖАК;
  • “СК “Джубили Кыргызстан” ЖАК;
  • “СК “А Плюс” ЖАК;
  • “СК “САКБОЛ” ЖАК;
  • “СК “Али-Гарант” ЖАК;
  • “СК “Дордой Страхование” ЖАК;
  • “СК “Здоровье” ЖАК;
  • “СК “Ингосстрах” ЖАК;
  • “Бакай Иншуренс” ЖАК.

- Автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин алуу канча сом турат?

- Полис баасы унаанын түрү, кыймылдаткычынын көлөмү, унаанын максималдуу салмагы, унаадагы орундуктардын саны, унаанын ээсинин түрү (жеке жак, юридикалык жак), унаа кайсы өлкөдө катталган, унаанын техникалык кароосу барбы же жокпу, айдоочулардын жашы жана тиешелүү категориядагы айдоочулук стажы жана канча күнгө полис алып жаткандыгы сыяктуу факторлордон көз каранды. Автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун бир жылдык баасы 1 миң 384,32 сомдон жогору башталат. Мисалы, полис алган жаран жылына 3 миң сомдон 10 жыл камсыздандыруу төлөмүнө 30 миң сом каражат төлөп, капысынан жол кырсыгы болсо камсыздандыруу компаниясы жабыркаган үчүнчү тарапка 150 миң сомго чейин каражат төлөп берет. Эгерде жабыркаган бир нече тарап болсо ар бирине 150 миң сомдун тегерегинде жалпы суммасы 450 миң сомго чейин чыгымдар камсыздандыруу компаниясы тарабынан төлөнүп берилет.

- Автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин 1-январга чейин албагандар канча сом айып пул төлөйт?

- Полиси жокторго 2025-жылдын 1-январынан баштап жеке жактарга 3 миң сом айып пул салынат. Ал эми юридикалык жактарга 2023-жылдын 1- апрелинен 13 миң сом айып пул салынат. Автоунаага жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин алуу автокырсыкка кабылып, жабыркаган тарап тарткан зыяндын ордун толтуруу, машине ээлеринин кызыкчылыктарын коргоо үчүн керек экендиги барыбызга дагы бир ирээт маалым болду. Кырсык каш-кабактын ортосунда демекчи, “кырсыкка кабылбайм” деп эч ким, эч качан кепилдик бере албайт.

Чолпон Жумалиева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий