• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Унутуп калбаңыз! Эртең салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Экономика 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Эртең, 30-апрелде жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

Бүгүн жана эртең бардык аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 24:00 гө чейин кабыл алышат.

Эскерте кетсек, 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

– жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;

– менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;

– юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;

– мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;

– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;

– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;

– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жактар.

Пикир

Оставить комментарий