• 87
  • 90.64
  • 0.85

"Инфоком" мамлекеттик ишканасы Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өттү

Коом 0


Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Президенттин жарлыгы менен "Инфоком" мамлекеттик ишканасы Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өттү. Бул тууралуу иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал президенттин тапшырмасына ылайык бүгүн калкты тейлөө борборлорун кыдырып, абалы менен таанышып чыкканын жазган.

"Чындыгында кезек күткөндөр көп экен. Нааразы болгон жарандарыбызды дагы жолуктурдук, алар менен сүйлөшүп, көйгөйлөрдү аныктап алдык. Эми шартын оңдоо боюнча ыкчам чараларды көрөбүз.

Алдынкы убакта, жарандарыбызды кезек күттүрүп отурбай эле, документтерди үйүнөн буюртма берип тапшыруу шартын түзүп беребиз. Санариптик кызмат көрсөтүүнүн алкагында документтер, справка ж.б тийешелүү маалыматтарды жеткирүү кызматы менен ала тургандай кылабыз. Каалоочулар мына ушундай кызматтарды дагы пайдалана тургандай шарт түзөбүз. Биз реформаларды ишке ашырууга командабыз менен кириштик", - деп жазды Туманбаев.

Пикир

Оставить комментарий