• 87
  • 90.41
  • 0.84

Узак жашоонун сыры ачылды

Коом 0

Бишкек, 1-август /Кабар/. Түндүк Ирландияда он үч бир тууган өздөрүнүн көп жылдык жашоолорунун сырын ачышты,- деп жазат “Daily Mail” гезити.

Доннелинин үй-бүлөсү быйыл Гинесстер китебине кирди. Бир туугандардын эң улуусу 93кө чыкты, эң кичүүсү 72 ге толду. Алардын айтымында, алар атасынан мурас катары уктаар алдында жылуу бир нерсе жегенди адатка айлантышкан.

“Кечки саат 10дор чамасында сулу акшагын, андан соң ошол эле тамакты эртең менен жетиде. Сулу, сүт жана бир аз алмадан жасалган джем”,-дейт кичүү иниси Джо.

Басылма сулу боткосу кан басымды түшүрүп, холестериндин деңгээлин түшүрөт, жүрөктү сактайт жана кан диабетинин алдын алат деп жазат.

Доннелинин үй бүлөсүнүн мүчөлөрүнүн билдиришинче алар өмүр боюу табигый продуктулар менен азыктанып келишкен: өздөрүнүн бактарында өстүрүлгөн жер-жемиш, өздөрүнүн тоокторунун жумурткалары менен азыктанышкан.

“Апабыз короодогу тооктун моюунун бурап, андан тамак жасап берчү”,-деп эскеришкен алар.

Нанды дагы өзүбүз жасап, ичимдиктерди өтө сейрек ишчибүз.

Пикир

Оставить комментарий