• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги айрым имараттардын фасаддары жаңыртылды (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 22.08.23. /Кабар/. Бишкек шаарында имараттардын фасадын жаңылоо иштери кызуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи май районунун аймагында Манас көчөсү, 7 үйүнүн жана Баят базарынын администрациясынын (М.Ганди көчөсү, 212) имараты жаңыланды.

Ошондой эле Ленин районунун аймагында Манас проспектиси менен Токтогул көчөлөрүнүн, Чүй проспектисинин Жаш Гвардия бульвары менен кесилишиндеги имараттардын фасаддарын жаңылоо иштери бүткөрүлдү.

Белгилей кетсек, учурда Чүй пр.130, Манас пр. 9, Москва көчөсү 162, 165 даректериндеги имараттардын фасаддарын жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий