UzAuto жаңы автомобилдерге тапшырык алууну убактылуу токтотту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Өзбекстандын UzAuto Motors компаниясы 2022-жылдын февраль айына чейин автоунаалар үчүн жаңы тапшырык албай турганын расмий түрдө кабарлады.

Компания автоунааларга керектүү жарым өткөргүчтөрдү чет элден алып келүү кечеңдеп жатканына жана темир жок менен порттордогу логистика көйгөйлөрүнө байланыштуу ушундай чечим кабыл алган.

UzAuto Motors 1-февралга чейин автоунаа соодасын токтоткон соң, компания бааны жогорулатышы мүмкүн деген кеп тарады. Компания бул боюнча комментарий бере элек.

Пикир

Оставить комментарий