Uzbekistan Airways жүргүнчү ташыган учактарды жүк ташууга ылайыкташтырат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Uzbekistan Airways компаниясы жүргүнчү ташуучу Boeing-767-300-ER учактарын кайрадан жабдып, жүк ташууга ылайыкташтырып жасайт. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечим өлкөдө жүргүнчү ташыган каттамдар токтотулганына жана жүк ташууга суроо-талап жогорулаганына байланыштуу кабыл алынды.

Эконом-класстагы учактардын отургучтары алынып, алардын орду жүк коюуга ылайыкташтырылып жасалат. Бул учак менен кошумча 20 тоннага чейин жүк ташууга мүмкүндүк берет.

Жүк ташууга ылайыкташтырылып жасалган алгачкы учак бүгүн, 21-апрелде коммерциялык пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий